Биз менен байланышыңыз

13-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 285 | 0

Эртең, 13-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 3…9, күндүз 15…21;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт . Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM