Биз менен байланышыңыз

10-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 658 | 0

10-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…27;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM