Биз менен байланышыңыз

Орусиядан Ошко келген учак кармалды

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 149 | 0

Ошто Ош — Минеральные Воды аба каттамы кармалды. Бул тууралуу 29-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиядан Ошко келген учак кармалып, сертификаты текшерилип жатат.

«Учак Минеральные Воды жергесинен Ош шаарындагы аэропортко учуп келген. Кайра учуп кетиши керек болчу. Каттам кармалып жатат, себеби белгисиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, учактын жайкысын учууга уруксат берген сертификаты текшерилип жатат. Бул учак «Урал авиалиниялары» компаниясына тиешелүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM