Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көп кабаттуу 47 унаа токтотуучу жай курулат

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 307 | 0

Бишкекте көп кабаттуу 47 унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, учурда унаа токтотуучу жайлар кайда жайгашары, канча унаага ылайыкталары жана башкалар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

«Биз жолдорду кеңейтсек, айдоочулар жолдун жээгине унааларын токтото беришет. Ошентип, кайра эле жол тарый берет. Муну менен маселе чечилбей турганын түшүнүп, көп кабаттуу 47 унаа токтотуучу жай курууну пландап жатабыз», — деди мэр.

Ошондой эле мэр борбордо турак үйлөрдүн арасында бир катар унаа токтотуучу жайлар бар экенин, ал мыйзам бузуу болуп саналарын кошумчалады.

«Биз аларды шаардын сыртына көчүрүү керек деген чечим кабыл алдык, ал эми алардын ордуна ошол эле компанияларга көп кабаттуу акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жай курууну сунуштадык. Бул долбоор учурда иштеп чыгуу баскычында турат», — деди мэр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM