Биз менен байланышыңыз

Бош орундар жарманкесинде 6 миң иш орун сунушталды

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 381 | 0

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында бош жумуш орундардын жарманкеси болуп өттү. Анда мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 6 миң вакансия сунуштады.

Жумуш жана кесип жарманкесине өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. чөйрөлөрдөн 50 компания чакырылган.

Мындан тышкары Бишкек шаарындагы муниципалдык мекемелерден 3,5 миң, башка аймактардан 1,3 миң бош орун жарманкеге коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM