Биз менен байланышыңыз

Жеңиштин 77 жылдыгына карата ардагерлерге 100 миң сомдон берилет

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 628 | 0

Президент Садыр Жапаров «Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүү жөнүндө» тескемеге кол койду.

Өлкө башчы Каржы министрлигине ардагерлерди сыйлоо үчүн бюджеттен 10 млн 807 миң сом бөлүүнү тапшырды. Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ар бирине 100 миң сомдон берилет.

Акчалай жардам тапшыруу төмөнкү негизде жүргүзүлөт:

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;

– 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогону үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Ленинград блокадасында жашаган» төш белгиси менен сыйлангандарга.

Айта кетсек, учурда өлкө боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 107 ардагери калган. Аларга жыл сайын 20 миң сомдон бир жолку жөлөк пул берилип турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM