Биз менен байланышыңыз

Австрия Орусиядан газды рубль менен ала баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 536 | 0

Австрия Орусиянын газ төлөмдөрү боюнча жаңы шартына макул болгонун өлкөнүн канцлери Карл Нехаммер билдирди. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Билдирүүгө таянсак, Путин газ коопсуз жеткирилерин айткан жана Австрия үчүн абал өзгөргөн эмес.

Орусиянын көгүлтүр отун Болгария менен Польшага берүү токтотулганына комментарий берип жатып Австрия канцлери бул эки өлкө төлөм боюнча жаңы шартты четке какканын белгиледи.

«Биз (австриялык нефть газ компаниясы), OMV, төлөм боюнча шартты кабыл алдык, Германия да ушундай кылды. Бул биз үчүн маанилүү эле. Андыктан сүйлөшүү учурунда (Нехаммердин Москвага жасаган визитинин маалында) Путин газ берүү уланарын жана аны евро менен төлөсө болорун айткан. Бул кырдаал биз үчүн өзгөрүлгөн жок», — деген Нехаммер Венада берген маалымат жыйын учурунда.

Белгилей кетсек, Орусия 1-апрелден тарта «дос эмес өлкөлөрдөн» газ үчүн төлөмдү башкача шартта кабыл ала баштады. Мындай кадам доллар менен еврону четтетүү аракетинен улам жасалып жатат.

Президенттин жарлыгына ылайык, «Газпромбанк» чет эл валютасы жана рубль үчүн атайын эсептерди ачышы керек. Сатып алган тарап биринчи эсепке тиешелүү сумманы өз валютасы менен төлөйт. Банк аны Москва биржасына сатып, экинчи эсепке каражатты рубль менен которот. «Газпром» товар үчүн эсептешүүнү дал ушул жерден жүргүзөт.

Эскерте кетсек, «Газпром» бүгүндөн тарта Польша менен Болгарияга газ берүүнү токтотту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM