Биз менен байланышыңыз

Султанбаев Орозо айтта мал союуга тыюу салган аудио жалган экенин билдирди

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 510 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орозо айтты майрамдоого байланыштуу тарап жаткан үнжазма чындыкка дал келбесин Facebook баракчасына жазды.

Буга чейин социалдык тармактарда «Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тыюу салды» деген үнжазма тараган болчу.

«Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбесин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды таратканы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз», — деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, Орозо айт 2-майда майрамдалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM