Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунун жетекчилигине Бакыт Шаршеев кайра шайланды

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 390 | 0

Кечээ, 26-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунун директорлор кеңеши башкармалыгынын жаңы курамын шайлады.

Башкармалыктын төрагасы — аэропорттун башкы директору кызматына Бакыт Шаршеев экинчи мөөнөткө шайланды.

Ошондой эле башкармалыкка Адилет Малдыбаев, Абдумалик Бусурманкулов, ДаниярКысанов, Бахтияр Турсунбаев мүчө болушту.

Бакыт Шаршеев 1970-жылы 24-июлда Нарын районунда туулган. «Манас» эл аралык аэропортун 2021-жылдын 9-февралынан бери жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM