Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Будённый көчөсү убактылуу жабылат

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 306 | 0

27-апрелден тарта канализациянын курулушуна байланыштуу Будённый көчөсү жабылат.  Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн Чоң Чүй каналынан Славянская көчөсүнө чейинки бөлүгү канализациялык насостук станцияны орнотуу менен магистралдык канализация тармактарын куруу үчүн жабылат.

«Курулуш иштери 5 этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этабында узундугу 310 погондук метр болгон магистралдык канализация тармактары курулат. Курулушта диаметри 300 мм болгон түтүктөр колдонулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Курулуш иштерин «Арай» ЖЧКсы жүргүзүп, ал ушул жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM