Биз менен байланышыңыз

Илон Маск Twitterди 44 млрд долларга сатып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 621 | 0

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Twitterди 44 миллиард долларга сатып алганын «Твиттер» компаниясы расмий жарыялады.

«Twitter, Inc. бүгүн толугу менен Илон Маскка таандык компания. Илон Маск компаниянын ар бир акциясын 54,2 долларга баалап сатып алды. Акциялар топтому болжолдо 44 миллиард доллар болот», — деп айтылган компаниянын билдирүүсүндө.

«Сөз эркиндиги — демократиянын пайдубалы, ал эми Twitter — санариптик шаар аянты, анда адамзаттын келечеги үчүн маанилүү маселелер талкууланат. Мен ошондой эле Twitterди мурункудан да жакшыраак кылгым келет: өнүмдү жаңы мүмкүнчүлүктөр менен өркүндөтүп, ишенимди жогорулатуу, спам-ботторду жеңүү жана бардык адамдын аутентификациясын аныктоо үчүн ачык булак алгоритмдерин түзүү сыяктуу иштерди жүзөгө ашырам», — деди Маск.

Ошол эле учурда америкалык ишкер өзүн Twitterдин идеалдуу жетекчиси деп эсептебей турганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM