Биз менен байланышыңыз

Японияда дүйнөдөгү эң узак жашаган кемпир каза болду

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 552 | 0

Жер жүзүндөгү эң узак жашаган адам деп табылган япониялык Канэ Танака 120 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Канэ Танака 1903-жылдагы орус-япон согушуна чейин төрөлгөн. Ал башынан эки дүйнөлүк согушту өткөрүп, беш императордун башкаруусун көргөн.

Танака Япониянын Фукуока префектурасындагы карылар үйүндө жашап, ушул жылдын январь айында 119 жашын белгилеген. Ал баарынан да газдалган суусундук менен шоколадды жакшы көргөн.

Ошондой эле ал 2019-жылдын март айында Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң узак жашаган адам деп киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM