Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек ара аймагында жашагандарга техпаспорт менен мамактылар бекер бериле баштады

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 1752 | 0

Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына техникалык паспорттор жана мамлекеттик актылар бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына көмөк көрсөтүү максатында «Кадастр» мамлекеттик мекемеси техникалык паспортторду жана мамлекеттик актыларды акысыз берет.

Бүгүнкү күндө Баткен району боюнча 43 мамлекеттик акт жана 31 техникалык паспорт, Лейлек району боюнча 181 мамлекеттик акт жана 153 техникалык паспорт тапшырылды.

Ошондой эле бул багыттагы иштер мындан ары дагы улантылары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM