Биз менен байланышыңыз

Министр «паспорт мафиясы» боюнча билдирүү жасады (видео)

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 505 | 0

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов учурда «паспорт мафиясы» менен күрөшүп жатканын, ал тамыр жайып кеткендиктен, Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) департаментине чукул реформа керек экенин билдирди.

Анын айтымында, өзү жетектеген министрликте көптөгөн көйгөй бар. Алардын эң эле орчундуусу, тез арада жоюу зарыл болгону — «паспорт мафиясы».

«Бул кызматка келгендеги эң биринчи тушукканым калкты каттоо бөлүмдөрүндөгү «паспорт мафиясы» болду. Ал абдан жакшы уюштурулган, 24 саат тынымсыз иштеп жатат, тамырын терең жайып алган. «Паспорт мафиясы» мамлекетке милллиарддаган сом зыян келтирет. Андыктан бул тармакты кайра карап чыгып, катаал текшерүү керек», — деди ал.

Министр андан тышкары өлкөдө жасалма паспорт миңдеп чыгып жатканын айтып, бул улуттук коопсуздукка чоң коркунуч экенин эскертти.

Талантбек Иманов сөзүнүн соңунда кандай гана жагдай болбосун, ушул тармакка реформа жүргүзүп, кайра башынан оңдоп чыгууга убада берди.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылы түзүлүп, ага Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Мамлекеттик каттоо кызматы бириктирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM