Биз менен байланышыңыз

Балбан кыздар Монголиядан кайтып келишти (сүрөт)

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 2143 | 0

Бүгүн, 25-апрелде Азия чемпионатына катышкан Кыргызстандын балбан кыздары Монголиядан кайтып келишти. Аларды Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери баштаган жоон топ өкүл «Манас» эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты.

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызын тосуп алууга Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, Кыргызстандагы күрөш федерациясынын вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору барган.

19-апрелден 24-апрелге чейин Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатына кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандан үч балбан катышып, Айпери Медет кызы алтын, Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова күмүш медаль алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM