Биз менен байланышыңыз

Элчи Кадыркулов Украинага барбай турууга чакырды

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 286 | 0

Украинада кагылыш токтой элек, келбей турууну сунуштайм жана өтүнөм. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, акыркы күндөрү орозо бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниети менен кайрылгандар көбөйө баштаган.

 «Бул жерде аскердик кагылышуу дагы деле кызуу жүрүп, шаарларда сирена тынбай, коменданттык саат уланууда. Урматтуу мекендеш, азырынча Украинага келбей турууңузду сунуштайм жана өтүнөм! Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыз! Бардыгыңыздарга аманчылык каалайм!» — деп жазган элчи.

Ал мындай сунушту Украина күч түзүмдөрү да берип жатканын белгилеген. Ошондой эле элчилик өз кызматын толук кандуу аткарып жатканын кошумчалаган.

Акыркы аптада Украинадагы жети кыргызстандык Мекенине жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM