Биз менен байланышыңыз

Каржы пирамидасын уюштурган Кытай жараны Кыргызстандан кармалды (видео)

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 200 | 0

2013-жылы Кыргызстанга качып келип, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 1971-жылы туулган Чж.Ч. аттуу кытайды кармашкан. Текшерүү учурунда анын 2013-жылдан бери Интерполдун издөөсүндө жүргөнү аныкталган.

Ал өз өлкөсүндө каржы пирамидасын уюштуруп, андан түшкөн 200 млн юанды алып, Кыргызстанга качып келген. 2014-жылдан бери өлкөдө мыйзамсыз жүргөн, расмий органдарга келгенин каттаткан эмес.

Кармалган адам №1 тергөө абагына камалды. Учурда Башкы прокуратура аны Кытайга өткөрүп берүү жагдайларын карап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM