Бүгүн, 25-апрелде «Ош – Сары-Таш – Эркечтам» унаа жолу сел жүргөнүнө байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Түнү менен жааган жамгырдан Кара-Суу районунда сел жүрүп, Алай районуна кеткен жолду каптаган. Эки тарапка каттаган унаалар баткакка тыгылып, чыга албай калганы айтылды.
Жолду тазалоого Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Учурда каттам эки тараптуу жабык. Кошумча маалымат берилет.