Биз менен байланышыңыз

Орусиянын жарандыгын алып, согушта каза болгон кыргызстандык жерге берилди

Кыска кабар | 24 Апр 2022 | 12244 | 0

Орусияда кызмат өтөп жатып каза болгон кыргызстандык аскердин сөөгү өз мекенине коюлду. Ал Ош облусунун Өзгөн районунда Кара-Дыйкан айылында туулган.

Маркумдун тажиясы 23-апрелде Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү.Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Исламдын туугандары, достору, Орусия жана Кыргызстандын аскер кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кара-Дыйкан айылында өттү. Камиловдун сөөгү үч күн мурун Кант авиабазасына жеткирилип, андан соң тик учак менен маркумдун кичи мекенине жеткирилген.

Атасынын айтымында, уулу менен 5-6 күн сүйлөшпөй калганда жакындары издеп баштаган. Каза болгондон кийин жоокердин сөөгү мекенине алып келгенге чейин 10 күн туруп калган.

Ислам Орусияга окуу үчүн барып, пандемияда окуй албай калгандыктан, Орусиянын жарандыгын алып, аскерге кызмат өтөөгө кеткен.

Жоокер Орусияда 1 жылдык келишим түзүп, Украинадагы согушка катышып жатканы тууралуу үй-бүлөсүнө айткан эмес. Ал жаңы жылдын алдында атасынын үйүнө келип, бир ай жүрүп кеткен.

Жакындарынын айтымында Ислам тырышчаак, жакшы бала болгон.

Буга чейин Украинадагы согушта Кыргызстанда туулган, Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифуллин менен Эгемберди Дорбоев каза болгон. Алар да өздөрүнүн кичи мекенинде жерге берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM