Биз менен байланышыңыз

Санкциялардын таасири: Италияда кондиционерлерге тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Апр 2022 | 829 | 0

Италия энергияны үнөмдөө үчүн кондиционерлерге тыюу салды. Италиядагы мекемелерге келерки айдан баштап энергетикалык кризисти болтурбоо үчүн кондиционерлерди 25 градустан төмөн коюуга тыюу салынат. Анткени көбүрөөк муздатуу үчүн ошондой көлөмдөгү энергия талап кылынат. Бул тууралуу The Guardian кабарлады.

Белгилей кетсек, Италия газ импортунун 45 пайызын түзүп келген орус газынан баш тартып, Ангола менен бул өлкөдөн келген газды көбөйтүү боюнча келишимге кол койгон.

«Биз Украинадагы тынчтыкты каалайбызбы же кондиционерлердин күйгүзүлүшүнбү?» — деди премьер-министр Марио Драги.

Ошондой эле, жаңы эрежелерде кышкысын коомдук жайларда абанын температурасы 19 градустан ашпоого тийиш. Бул газды абдан үнөмдөйт. Марио Драги муну Орусияга көз каранды болбоо үчүн жасалып жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM