Биз менен байланышыңыз

Франция: Президенттик шайлоонун 2-туру болуп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Апр 2022 | 968 | 0

Францияда бүгүн, 24-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Учурдагы президент Эммануэл Макрон экинчи беш жылдык мөөнөткө ат салышууда. Анын атаандашы — ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен.

Добуш берүүнүн экинчи айлампасы саат 08:00дө (GMT 0600) добуш берүү участоктору ачылган. Ага 48,7 миллион адам катыша алат. Жеңүүчүлөрдүн алгачкы божомолдору бүгүн саат 20:00дө чыгат.

Шайлоонун 10-апрелдеги биринчи турунда 12 талапкер катышып, Макрон менен Ле Пен көп добуш алган.

Буга чейин бул атаандаштар беш жыл муруңку шайлоодо да экинчи айлампага чыгып, Макрон жеңишке жетишкен.

Саясат таануучулардын айтымында бул жолку атаандаштык 2017-жылкы шайлоого караганда курч болот. Жеңиш үчүн экөө тең биринчи турда башка талапкерлерди колдогон шайлоочуларды тартышы керек.

Макронду каралоочулар аны текебер жана байлардын президенти деп аташат, ал эми ашынган оңчул лидер Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланышы бар деп айыптап жатышат.

Эгер Макрон бул ирет да жеңишке жетсе, Францияда соңку 20 жыл ичинде экинчи мөөнөткө шайланган алгачкы президент болуп калат.

Белгилей кетсек, шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, Макрон кечинде Эйфель мунарасынын этегиндеги сахнадан шайлоочуларга кайрылат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM