Биз менен байланышыңыз

БУУнун баш катчысы Путин жана Лавров менен жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Апр 2022 | 416 | 0

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 26-апрелге пландалган.

Буга чейин БУУнун баш катчысы Орусия президентинен аны Москвада, ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленскийден Киевде кабыл алууну суранган. Гутерриш эки өлкөнүн башчылары менен куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жана көп тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоо үчүн жолугат.

Эске салсак, 11-апрелде Австриянын канцлери Карл Нехаммер Москвага келип кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM