Биз менен байланышыңыз

25-апрелде жаан жаайт

Кыска кабар | 24 Апр 2022 | 251 | 0

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 25-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым бир райондорунда катуу жаан-чачын болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 15…17°.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM