Биз менен байланышыңыз

Ош шаарындагы ишембиликке 13 миңден ашуун адам катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 24 Апр 2022 | 247 | 0

Ош шаарында кечээ, 23-апрелде жалпы шаардык ишембилик өттү. Ага 13 миңден ашуун адам катышты.

Иш-чарага бардык мекеме-уюмдарынын, муниципалдык ишканаларынын жана кызматтарынын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, анын ичинде жогорку окуу жайлардын, бала бакчалардын кызматкерлери, шаардын бардык муниципалитеттеринин тургундары активдүү катышты.

Шаарды таштандылардан тазалоо, бак-дарактарды актоо, мекеме-ишканалардын айланасын жууп, сырдоо, тротуарларды жана арыктарды тазалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. «Ош-Тазалык» ишканасынан билдиришкендей, таштанды таштоочу жайга 1800 метр кубдан ашык таштанды чыгарылды.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM