Биз менен байланышыңыз

Путин: Зеленский менен жолугушуум сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша болот

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2022 | 305 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу баарлашууда Путин менен Зеленскийдин кездешүүсү тууралуу да сөз козголгон. Орусия президенти Украинанын президенти менен жолугушуусу сүйлөшүү делегацияларынын ишинин жыйынтыгына жараша болорун айткан. Ошондой эле «Украина ыраатсыздыгын көрсөтүп, эки тарапка тең алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр эмес», — деген.

Владимир Путин андан тышкары Мариуполдо куралын таштагандардын баарына «жашоо кепилдиги» берилерин, бирок Киев бул мүмкүнчүлүктү колдонттурбай жатканын билдирген.

Буга чейин Чарльз Мишель Орусиянын президентин православдык Пасха майрамына байланыштуу Мариуполь жана Украинанын башка шаарларына гуманитардык коридорлорду ачууга чакырган.

Кремль сүйлөшүү топтору президенттер талкуулап, кол коё турган документтерди даярдагандан кийин Путин Зеленский менен жолугарын бир нече жолу билдирип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM