Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Украинанын жоготууларын 60 миллиард доллар деп баалады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2022 | 304 | 0

Орусиянын аскерий операцияларынан улам Украинага келтирилген зыян 60 миллиард долларга жеткенин Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасс онлайн конференцияда кабарлады.

Анын айтымында, бул алдын ала эсептөө экенин, кеп имараттардын, коомдук жайлардын талкалануусунан Украина тарткан зыян жөнүндө болуп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле операция токтой элек болгондуктан, жоготуулар дагы көбөйөрүн кошумчалады.

Ушул эле конференция видеобайланыш аркылуу катышкан Украинанын президенти Владимир Зеленский: «Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Украина кыйроонун натыйжасында 550 миллиард доллар жоготкон», — деди.

Анын айтымында, экономикалык жоготуулардын ордун толтуруу үчүн өлкөсү айына 7 миллиард доллар табышы керек.

Зеленский санкциялардан улам тоңдурулган орус активдери Украинаны калыбына келтирүүгө жана башка өлкөлөр тарткан зыяндын ордун толтурууга жумшалышы мүмкүн деп эсептейт.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын айтымында, жылдын акырына карата өлкөнүн ИДПсы 50% га төмөндөшү мүмкүн, ушундай эле эсепти каржы министри Сергей Марченко да берген.

Март айында АКШ Сенаты Украинага болжол менен 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө гуманитардык, аскердик жана экономикалык жардам көрсөтүүчү өкмөттүк чыгашалар топтомун жактырган.

Улуу Британия Украинага 500 миллион доллар насыя берүүнү убада кылды. Евробиримдиктин гуманитардык жардамы 143 млн еврого жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM