Биз менен байланышыңыз

Таиланд 1-майдан тарта эмдөө алган туристтерди ПЧР-тесттен бошотот

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2022 | 290 | 0

Таиланд бийлиги 1-майдан тарта коронавируска каршы эмделген саякатчыларды ПЧР-тесттен бошотот. Бул тууралуу Коронавирустук инфекциянын жайылышын көзөмөлдөө жана күрөшүү боюнча өкмөттүк борбор билдирди.

Ошондой эле өлкөгө келгендер өз алдынча тесттен өтүп, эгерде вирус аныкталса, медициналык жардамга кайрыла алат.

Мындан тышкары милдеттүү медициналык камсыздандыруунун суммасы 20 миң доллардан 10 миң долларга чейин кыскарды.

Ал эми эмдөөдөн өтпөгөн туристтер обочолонуу үчүн мейманканада болуп, бешинчи күнү ПЧР-тест тапшырышы керек болот.

Өлкөгө кирүүгө уруксат алуу үчүн түзүлгөн Thailand Pass системасы иштей берет. Ал эмдөө жана медициналык камсыздандыруу сертификатын текшерүү үчүн колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM