Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Көчмөндөр оюндарына бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт

Кыска кабар , Спорт | 22 Апр 2022 | 361 | 0

29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

Буга көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов парламент жыйынында маалымат берди.

Анын айтымында, маданий бөлүк, тагыраагы, өнөрпоздордун даярдануусу жана барып келүүсү үчүн 50 млн сом, спортчулар үчүн 50 млн сом каралган.

Май айынын башында көчмөндөр оюндарына катыша турган өлкөлөрдүн спорт министрлери отурум өткөрөт. Анда салтанат кандай форматта өтөрү, кандай оюндар камтылары жана башкалары сүйлөшүлөт.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы эстафетаны Түркия алган. Ар эки жылда өтө турган бул чоң оюн 2020-жылы пандемияга байланыштуу эки жылга жылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM