Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн өнүктүрүү фондунун директору пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 313 | 0

Сот оң чечим чыгарып берет деп опузалап пара алуу фактысы боюнча Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. Кыргызстандын К.Ж.К. аттуу жаранынан ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 35 миң АКШ долларын талап кылганы аныкталган.

Буга чейин А.С.К. бул маселени чечүү үчүн К.Ж.К.дан 97,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражатын алган.

Ошол эле учурда А.С.К. 97,5 миң АКШ долларын алгандан кийин дагы сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң АКШ долларын талап кылган.

Бул боюнча опузалап пара алуу фактысы менен Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. кармалып,  УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM