Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унаалар тыкыр текшерилет

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 312 | 0

Кыргызстандан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унаалардын коштоочу документтери (ЭЭФ) тыкыр текшерилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Анын алкагында Салык кызматынын, ИИМдин, Транспорт министрлигинин, Чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Мындан ары алар «Ак-Тилек» өткөрмө бекетине жакын айланма жолдо иш алып барышат.

Ошондой эле Салык кызматы бул чек арада уналардын топтолушуна каршы көрүлүп жаткан чара экенин белгиледи. Айдоочулар ташып бараткан жүктүн QR-коду бар электрондук эсеп-фактурасын кагазга чыгарып алышы керек.

Эске салсак, 20-апрелден төрт өткөрмө бекетте 300дөн ашык фура топтолуп, чоң кезек жаралган.

Буга чейин кыргыз-казак тараптын сүйлөшүүсү жүргөн. Анда Казакстан электрондук эсеп-фактура жана товарлардын транзити болгон учурда текшерүү жүргүзбөөгө макул болгон. Ал эми кыргыз тарап электрондук документтери жок фураларды өткөрбөөгө милдеттенме алган.

Товарлардын тиешелүү электрондук эсеп-фактурасы жок фураларды казак тарап артка кайтарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM