Биз менен байланышыңыз

23-апрелге карата аба ырайы

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 289 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 23-апрелде түнкүсүн  Ош, Жалал-абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз  кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13 күндүз +23…+28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM