Биз менен байланышыңыз

Марк Цукерберг, Камала Харрис. Орусиянын санкциясына кимдер кабылды?

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 652 | 0

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «Фейсбук» социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг менен АКШнын вице-президенти Камала Харриске санкция салынганын жарыялады.

«Тизмеге орустарды өтө коркунучтуу калк катары сүрөттөп жаткан америкалык жогорку лидерлер, бизнесмендер, эксперттер, журналисттер кирди. Алар менен кошо жубайлары да «кара тизмеге» алынат», — деп айтылган билдирүүдө.

Санкцияга кабылгандар «белгисиз мөөнөткө» Орусияга кирүү укугунан ажырайт. «Кара тизмеге» Харрис менен Цукербергден тышкары дагы 29 адам кирген.

Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «АКШ бийлигинин кастык аракеттерине жооп» катары өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмеси жакында кеңейтиле турганын жарыялады.

Марттын ортосунда Орусия АКШ президенти Жо Байденге, Ак үйдүн өкүлү Жен Псакиге, АКШнын коргоо министри Ллойд Остинге, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонго жана дагы тогуз расмий жана саясий ишмерге өлкөсүнө кирүүгө тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM