Биз менен байланышыңыз

Казакстандын Тараз шаарында алп ымыркай төрөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 362 | 0

Казакстандын Тараз төрөт үйүндө 5 килограмм салмакта, бою 62 сантиметр болгон кыз төрөлдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

19-апрель саат 9:45те Жамбыл облустук көп тармактуу ооруканасынын перинаталдык бөлүмүнө катуу кыйналган аял келип түшкөн. Дарыгерлер дароо кеңешме өткөрүп, аялдын ичин союу жолу менен төрөтүүнү чечишкен.

«Саат 10:46да беш килограмм салмакта, бою 62 сантиметр кыз төрөлдү. Мындай ымыркайлар алп делинет», — дешкен бөлүмдүн дарыгерлери.

Айта кетсек, ымыркайдын салмагы 2500 граммдан 4500 граммга чейин, ал эми бою 44 сантиметрден 56 сантиметрге чейин болот. Негизинен эркек ымыркайдын төрөлгөндөгү салмагы 3400-3500 грамм, кыздын салмагы 3200-3400 грамм болгону ченемге ылайык делет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM