Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев бир күндө 30дан ашык жетекчини иштен бошотту

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 713 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-апрелде аймактарды жакшыртуу жана жарандарды иш менен камсыз кылуу маселесине арналган видеожыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен 36 жетекчи иштен алынды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Жыйындагы эскертүүлөрдөн кийин 1 район акими, 1 шаар акими, 12 район акиминин биринчи орун басары, 2 шаар акиминин биринчи орун басары, 2 райондун прокурору, 2 шаардын прокурору, 2 райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, 4 райондук салык кызматынын башчысы жана 11 республикалык салык башкармалыгынын жетекчиси кызматтан кеткен.

Белгилей кетсек, бир күн мурун Мирзиёев Ташкенттин мэри Жахонгир Артикхожаев менен жолугуп, калаа башчысынын өзүнө, анын биринчи орун басарына жана Салык кызматынын башчысына катуу эскертүү берген.

Мындан тышкары президент Фергана жана Хорезм облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын ээлеген кызматтарына ылайык келер-келбесин карап чыгууну тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM