Биз менен байланышыңыз

Шойгу: Мариуполь алынды, украин армиясы курчоодо калды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 660 | 0

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кремлде президент Владимир Путин менен жолугушту. Ал Мариуполь алынганын, украин аскерлери «Азовсталь» заводунда курчоодо экенин билдирди.

«Мариуполь бошотулду, «Азовсталда» эки миңден ашуун украин аскери курчоого алынды. Шаарда абал тынч, бул бизге тартипти калыбына келтирүүгө, бейпил жашоо орнотууга мүмкүндүк берет», — деди Шойгу.

Андан тышкары украин аскерлерин тынчытууга төрт күн убакыт кетерин, алдыда чабуул пландалып жатканын айтты.

Ал эми Владимир Путин «Азовсталга» чабуул койбой, тек гана курчап жата берүү буйругун берди. Ошондой эле Мариуполду алууну «ийгиликтүү» деп атады.

«Мариуполду бошотуу боюнча күжүрмөн иштердин аякташы ийгиликтүү болду. Куттуктайм», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM