Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасынын үч постунда 180 унаа кезек күтүп турат

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 276 | 0

Бүгүн, 21-апрель саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек арасында 180 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

«Ак-Тилек» өткөрүү пунктунда — 67; «Чалдыбар» өткөрүү пунктунда — 53; «Чоң-Капка» өткөрүү пунктунда 60 жүк ташуучу унаа чек арадан өтүү үчүн кезек күтүп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун сүйлөшүүлөрүнөн кийин казак тарап жүк өткөрүүнү тездете баштаган.

«Акыркы күндөрү казак тарап саатына 3-4 унаа киргизсе, учурда саатына 8-9 унаа өтүп жатат. Бул кезек күткөн унаалардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк түздү», — деди Чек ара кызматы.

Ошондой эле 1-апрелден 20-апрелге чейин «Ак-Тилек» өткөрүү пункту аркылуу 4 миңден ашуун жүк ташуучу унаа өткөнү айтылды.

Буга чейин Чек ара кызматы казак тарап унааларды жай өткөрүп, ошол себептен узун кезек пайда болуп калып жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM