Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыз ала качууга шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 366 | 0

Бишкекте кыз ала качкан жигит камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

17-апрелде милицияга Коммунарлар көчөсүндөгү тигүү цехинин жанынан бир кыз уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Териштирүүдө 22 жаштагы Т.З аттуу кызды чала тааныш адамы Хонда S-MX унаасы менен белгисиз тарапка ала качып кеткени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси «никеге туруу максатында адамды ала качуу» менен иш козголуп, кызды уурдоого шектүү катары 26 жаштагы М.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM