Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 22-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз кээ бир райондорунда жаан, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15 күндүз +19…+24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+24 градус болот.