Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 21 Апр 2022 | 453 | 0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде эки сап өйдөлөдү.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагылар арасында 3-орунду ээледи. Буга чейин ал 5-орунда келе жаткан. Анда жалпы 51 миң 400 упай бар.

Ал эми Жоламан Шаршенбеков 63 миң 200 упай менен рейтингде экинчи орунду сактап калды. Башка спортчулар азырынча рейтингдин алдыңкы ондугуна кире элек.

Белгилей кетсек, Монголияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 3-орунду ээледи.

Кечээ грек-рим түрү боюнча мелдеш аяктап, жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы 3 алтын жана 3 коло — жалпы 6 медаль утту. Муну менен командалык эсепте 148 упай топтоп, 12 өлкөнүн ичинен 3-орун алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM