Connect with us

Эртең «Китеп искусствосу» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 327 | 0

Эртең, 22-апрелде Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн алкагында масштабдуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Касымалы Баялинов атындагы Балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева билдирди.

Фестивалдын алкагында 50гө жакын ар кандай иш-чара өтөт. Анын ичинде Баялинов китепканасынын Makerspace илимий билим берүү лабораториясынын жана инклюзивдик билим берүү борборуyнун ачылышы болуп, таанытым жасалат. Андан тышкары куурчак театры балдар үчүн атайын спектакль тартуулайт.

Кыргыз китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов «Китеп искусствосу» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, ата мекендик басмаканалардын китептери жарманкеге коюларын, аларды өз баасында сатып алса болорун маалымдады.

«Китеп искусствосу» сынагында жети номинация каралган. Ага өтүнмөлөрдү 18 басмакана тапшырып, алар жөнөткөн китептердин ичинен 31и сынакка тандалып алынган. Анын жыйынтыгы менен «КМШга мүчө өлкөлөрдүн китеп искусствосу» сынагына жети китеп жиберилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM