Connect with us

УКМК: Сокулук РИИБнин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 320 | 0

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын лейтенанты пара алып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2020-жылы С.Г. аттуу жаранга транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу боюнча айып коюлуп, тергөө башталган. Бирок жабырлануучу С.Г.га эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Тергөөчү ага карабастан ачылган ишти жабуу үчүн айыптуу делип жаткан жарандан 50 миң сом пара талап кылып келген. Андан соң С.Г. тергөөчүгө мыйзамдуу чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) менен иш козголуп, анын негизинде атайын операция уюштурулган.

Операциянын жүрүшүндө тергөөчүнүн орун басары К.А.М. 20 миң сомун алып жаткан жеринен колго түштү.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM