Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 1 адам илдетке чалдыгып, 9 бейтап сакайды

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 225 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги 21-апрелге карата Бишкек шаарынан бир адамдын коронавируска чалдыкканын билдирди.

Ошол эле учурда акыркы суткада 9 бейтап COVID-19дан сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө 5 бейтап ооруканаларда жатканы, бешөөнүн тең абалы оор экени айтылды. Ал эми 35 бейтап үйүндө дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жугузган. Алардын ичинен 196 миң 360 бейтап айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM