Биз менен байланышыңыз

Коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 479 | 0

Коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспортто буюмун жоготуп алган же таап алган жарандар көп кайрылышат.

Мындан улам аталган бөлүм тарабынан жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурду.

Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп алсаңыз же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок, департаментке кайрылып, өтүнүч калтыруу жетиштүү болот.

Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке же номерлерге кайрылса болот: 7-апрель 4а, же WhatsApp номери: 0 (559) 69-69-48

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM