Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 250 | 0

Эртең, 21-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Батыш-2» суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин борбор калаанын төмөнкү райондорунда суу берүү токтотулат.

— Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;

— Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;

— Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва – көчөсү – Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM