Connect with us

12 медколледжде студенттердин практикалык көндүмдөрү үчүн шарт жок

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 537 | 0

12 жеке менчик медициналык колледжде студенттердин практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн толук шарт түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Саламаттыкты сактоо системасы сапаттуу кадрларга муктаж. Министрлик бул медициналык колледждер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине расмий кат жөнөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Колледждердин тизмеси:

  • Ош облустук медициналык колледжи;
  • К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин алдындагы медициналык колледж;
  • «Авиценна Билим» медициналык колледжи;
  • Н. Пирогов атындагы медициналык колледж;
  • Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;
  • Кочкор-Ата аймактык колледжи;
  • ISITO медициналык колледжи;
  • «Дулдул Тоо» Араван колледжи;
  • С. Тентишев атындагы АзМИнин медициналык колледжи;
  • MUNIB медициналык колледжи;
  • Медицина жана фармация колледжи.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин 17 жеке менчик медициналык жогорку окуу жайды жабуу ниетин билдирген.

Февраль айында министрдин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, медициналык университеттеринин клиникалык базасына текшерүү жүргөн. Жыйынтыгында мамлекеттик эмес университеттердин сегизинде гана студенттердин практикадан өтүшү үчүн шарттар бар экени белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM