Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Камчыбек Ташиев Кой-Таштагы үйүмө жашыруун барып жүргөн

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 1871 | 0

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Ага мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов алып келинди.

Жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаев көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканын билдирди. Ал отурумду айыпталуучунун катышуусуз өткөрүүнү суранды.

Соттун жүрүшүндө экс-президент УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын Кой-Таштагы үйүнө жашыруун барып жүргөнүн айтты.

«Ооба, Жээнбековду кетирүү үчүн 9-октябрда митингге чыккам. Эгер биз чыкпасак, анда Садыр Жапаров түрмөдө отурмак, а Камчыбек Ташиев Кой-Таштагы үйүмө жашыруун келип жүрмөк болушу керек», — деди Атамбаев.

Ошондой эле Атамбаев мурдагыга караганда колониядагы жаткан шарттары жакшырып калганын айтты.

«Чынымды айтайын, жакшы карап жатышат, бүт баары жакшы эле», — деди ал.

Бир канча убакыттан кийин экс-президент кайрадан кабинаны тепкилей баштаганда, ал сот залынан чыгарылды.

Белгилей кетсек, Батукаев иши боюнча Алмазбек Атамбаевдин соттук отуруму буга чейин өткөн. Мыйзамга ылайык, учурдагы соттук отурумду Атамбаевди катыштырбай деле өткөрүүгө болот.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM