Connect with us

Жалал-Абадда мыйзамсыз колдонулуп келген 86 сотых жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 305 | 0

Жалал-Абад шаарында 86 чарчы метр жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонундагы «Нооруз» сейил багынын жанынан 2003-жылы Акжол Бегалиев аттуу жаранга 86 сотых жер аянты 49 жылдык мөөнөт менен скважина жана бассейн куруу үчүн ижарага берилген. Тилекке каршы, жаран 86 сотых жерге дагы 9 сотых муниципалдык аянтты кошуп, пайдаланып келген.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен калаадагы мыйзамсыз берилип кеткен жана басып алынган жерлерди тактоо, кайрадан муниципалдык менчикке кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM