Connect with us

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 млн доллар берет

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 775 | 0

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу Акылбек Жапаров жетектеген Кыргызстандын делегациясы менен банк өкүлчүлүгүнүн жолугушуусунда айтылды.

Кол коюлган келишимге ылайык, айтылган сумма төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

— Баткен облусун өнүктүрүүгө — 50 млн доллар;

— суу чарба кызматтарын жакшыртууга 100 млн доллар.

Булардан тышкары Кыргызстандын өнүгүү артыкчылыктары, жеке тармактарды өстүрүү, Дүйнөлүк банктын өлкөнүн адамдык капиталын колдоосу, калктын аялуу катмарын колдоого алуу, энергетика тармагындагы реформалар, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү сыяктуу маселелер талкууланган.

Эске салсак, Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Вашингтондо (АКШ) жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM