Биз менен байланышыңыз

Казакстандык блогерлер каржы пирамидасына шектелип камалды

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 146 | 0

Казакстандык блогерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов каржы пирамидасын түзүүгө шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, алар Mudarabah capital каржы пирамидасын түзүүгө шектелүүдө. Алматынын полиция департаментинин начальнигинин орун басары Рустам Абдрахманов блогерлер менен кошо буга чейин үй камагында жаткан дагы эки адам камалганын билдирди.

«Милицияга ASTEX.KZ, ACD technology ЖЧКларында иштеген кызмат адамдарына карата чара көрүү боюнча жамааттык арыз түшкөн. Буга байланыштуу Алматынын полиция департаменти каржы пирамидасын түзүү жана жетектөө фактысы боюнча кылмыш ишин каттаган», — деп айтыллат билдирүүдө.

Алар 2019-жылдын январь айынан 2021-жылдын январь айына чейин жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын кызмат адамдары мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн зарыл болгон каражатты чогултуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен келишим түзүшкөн.

Ал эми фирмалар акча салган адамга ай сайын 20% төлөп турууга убада беришкен. Акча салган 162 адамдан беш миллиарддан ашык теңге ASTEX.KZ компаниясына башка Mudarabah capital компаниясы аркылуу келип турган.

Белгилей кетсек, акыркы убакта Кыргызстанда да каржы пирамидаларына алдангандар көбөйүп жатканы айтылып келет. Милиция быйыл бул жаатта 577 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM