Биз менен байланышыңыз

Кызын аюу капаска таштап жиберген аял мажбурлап дарыланууга жөнөтүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 254 | 0

Өзбекстан Башкы прокуратурасы кичине кызын Ташкент зоопаркындагы аюунун капасына ыргытып жиберген аялды дарылатууга мажбурлап жөнөтүү өтүнүчү менен сотко кайрылуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов билдирди.

Марттын аягында Хаёт Шамсутдинов экспертизалардын жыйынтыгында айыпталуучу аял психикалык оору менен жабыркай турганы аныкталганын билдирген.

«Комплекстүү соттук-психиатриалык жана психологиялык экспертизанын жыйынтыгында аял психикалык оору менен жабыркай турганы аныкталды. Анын мындай абалын тергөө маалында жана сотто объективдүү көрсөтмөлөрдү берүүгө жөндөмсүз болгону да кыйыр түрдө көрсөттү», — деген басма сөз катчы.

Быйыл 28-январда Ташкент зоопаркында аял үч жаштагы кызын аюунун капасына ыргытып жиберген. Анда зоопарктын кызматкерлери аюу кыздын жанына келип, жыттап, андан соң кетип калганын айтышкан. «Кыз жаныбардын азуусунан эмес, дээрлик беш метр төмөн кулаганда жабыркаган», – деп билдиришкен алар.

Кыздын апасына каршы Кылмыш кодексинин «атайылап киши өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен иш козголгон.

Ошондой эле кыздын 31 жаштагы апасы Ташкенттеги жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштей турганы белгилүү болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал 2021-жылдын июль айынан бери психиатриалык диспансерде каттоодо турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM